Меню
Эл-Сөздүк

курч

зат. 1. Болот, абдан катуу металл. Курч кетилет, чарыкка кармаса жетилет (макал). Курчтан кылган сыр найза («Манас»).
2. Өткүр, абдан курчутулган өткүр нерсе, мококтун карама-каршысы. Курч бычак. Кылычтын көркү курчунда, Кундуздун көркү сыртында (Токтогул).
3. өт. Өткүр, тайманбас, кайраттуу, эр жүрөк. Иним ачуусу чукул, курч жигит эле (Жантөшев).
4. Өткүрдүк, көрөгөчтүк (көз жөнүндө). Көздүн курчу кетти (Жантөшев).  
¨ Кулактын курчун кандыруу — уккулуктуу, кызык кептен салуу, сөзү, ыры ж. б. жагымдуу, кызыктуу болуу. Кулактын курчун кандырган, Мен булбул элем сайраган (Аалы).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: