Меню
Эл-Сөздүк

киндик

киндик, киндиги, кин дикке
киндик ата
киндик кан тамган жер
киндик сепсиси
киндик эне

киндик

зат. 1. Адамдын жана жаныбарлардын жатынындагы бала түйүлдүгү менен эненин денесин бириктирип туруучу, аны азыктандыруу үчүн кызмат кылуучу курсактын орто бөлүгүндөгү трубка, туулгандан кийин ошол трубканын курсактын орто бөлүгүндө сакталган калдыгы, орду. Баланын киндигин сен кескин, кагылайын (Сыдыкбеков).
2. өт. Негизи, түбү, борбору. Киндиги бир карттык менен өлүмдүн, Сен аларга Геркулестей көрүнгүн (Аалы).
¨ Киндик эне — төрөлгөн баланын киндигин кескен аял. Киндик ата — киндик кескен аялдын күйөөсү Сенин киндик атаң Бөлөкбай («Манас»). Менин уулумдун киндик атасы Сергей («Ала-Тоо»). Киндик кесип, кир жууган жер же киндик каны тамган жер — туулуп өскөн жер, эл-журт. Киндик кесип, кир жууган Артта калды жерибиз (Каралаев). Мал киндиги катканда — туут мезгили өткөн, бүткөн учурда. Мал киндиги катканда, Магдырап көчмөн жатканда (Тоголок Молдо).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: