Меню
Эл-Сөздүк

Касиет

Касиет – бул адамдарга, жерлерге, заттарга таандык өзгөчө күч. Кыргызчылыктын алкагында, касиет Жараткан тарабынан берилет жана адамдын, коомдун же адамзаттын пайдасына жумшалышы керек. Касиеттин миңдеген түрлөрү болот. Кээде колдоочулар, улуу күчтөр деген түшүнүк менен маанилеш.

касиет

зат.1. Жакшы сапат, кадыр-барк. Аялдын касиети сүйгөн эри менен турбайбы (Сыдыкбеков). Акыл, эс, уят, ар-намыс Чоң касиет адамга (Шүкүрбеков).
  1. 2.                  Керемет, сыйкыр. Касиет өгөө буюмду Атакем берди, мен алдым («Эр Төштүк»). Койнунда эркин өскөн баласы элең, Колдосун касиети Ысык-Көлдүн (Бөкөнбаев).
  2. 3.                  Өзгөчөлүк, бөтөнчөлүк, таандык сапат, белги. Суунун химиялык касиети. Заттардын физикалык касиеттери.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: