Menu
Эл-Сөздүк

камыр

камыр
камыр ачыткы
камыр-жумур
камыр туруш
камырдан кыл сууру гандай

Камыр

Камыр – кыргызча мүрзө деген сөз. Төл сөз. Демек, мүрзөнүн бели. Кыргыздар мүрзө деп тике айтпайт. Көп мүрзө болсо «Бул камыр экен, жарыктык» – деп коюшат (Мамеков Жумадил).

камыр

зат. Нан, кесме жана башка жасоо үчүн унга суу же кээде сүт кошуп жуурулган масса. [Саадат менен Зейнеп].. бири камыр жууруса, экинчиси сорпону сапырат (Айтматов). Бегайым.. камыр жууруп жатат (Жантөшев).
¨ Камыр туруш — камыр ачыткы, камырды ачытуу үчүн ачыган камырдан калтырылып коюлган бөлүгү. Камыр-жумур болуу — бири-бири менен эң эле жакын, эң эле ынтымактуу, мамилелүү, дос болуу. Эх, бардык эмгекчи эл биригип камыр-жумур боло калса, кандай сонун болор эле (Жантөшев). Камырдан кыл суургандай — жигин билгизбей, шек алдырбай, оңой-олтоң, эптүүлүк менен.

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: