Меню
Эл-Сөздүк

калбыр

калбыр
калбыр байлоо
калбыр болуу
калбыр өпкө

калбыр

зат. Майда тешиктери бар жука темирден, ичке сымдан эгин тазалоого, же кум ж. б. нерселердин ирилерин бөлүп чыгарууга ылайыкталып жасалган элек. Буудайды калбырдан өткөрүү. Жөлөмө сым калбырлардын бетине чоң күрөк менен көмүр ыргытып жаткандар аянычтуу.. көрүнөт (Сасыкбаев).
¨ Калбыр байлоо бирөөнүн үстүнөн жалган айтып ушактоо; жаманатты кылуу. Калбыр болуу — тытылуу, тешилүү, тамтыгы кетүү. [Сатинге].. махорканын чогу түшүп, бир канча жери калбыр болуп тешилип калган (Убукеев). Калбыр өпкө, жез канат — абдан күлүк, чаалыкпас, тулпар, дулдул. Кара байыр казанат, Калбыр өпкө, жез канат Ат тулпарын минишип («Манас»).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: