Меню
Эл-Сөздүк

калак

калак (зат а.), калагы, калакка
калак бут куштар (зоол.)
калак бут рак сымалдар (зоол.)
калак буттуулар (зоол.)
калак тумшуктар (зоол.)

калак

калак (сырд.)

калак

I зат. 1. Эки жаны жогору кайрылган, бир нерсени сүзүп алууга, салууга ылайыкталып жасалган күрөкчө. Унга салган калактай, Аппак сакал чалдары (Аалы).
  1. 2.                  Өсүмдүктөрдүн түбүн бошотуу, суюлтуу, отоо жана майда көчөттөрдү отургузуу үчүн темирден жасалган кичине күрөкчө. Дмитрий чыңалган калакты тепшидеги сууга матырды (Сыдыкбеков).
  2. 3.                  Сууну шилеп, кайыкты айдоо үчүн жыгачтан жасалган, сууга салына турган жагы жалпак, кармай турган жагы жумуру узун жыгач, эскек. Калтылдап жалгыз кайык шилтеп калак, Үлгүргөн дайра менен жылып сүзгөн («САЖИ»).
  3. 4.                  Дары-дармек өлчөөчү кичине жалпак кашыкча. Колунда болот калактан Дары турат тамчылап (Осмонкул). Калакка өлчөп уу бердим, Кашык менен суу бердим («Манас»).
  4. 5.                  Тамды шыбоо, майлоо үчүн темирден, жыгачтан жасалган жалпак курал. Бака-шака бардык жерде курулуш, Араа, балта, шыбак, калак шакылдайт (Убукеев).

КАЛАК II калакай менен бирдей.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: