зат.1. Баатыр, эр, кайраттуу. Биз каарман майышпаган, Душмандардан качпаган (Осмонкул). Ким каарман, ким коркок, Чуу чыкканда көрөбүз («Эр Табылды»).
2. Көркөм адабияттын персонажы. Повесттин башкы каарманы — Жапар.. согушта жарадар болуп, өз айлына кайтат («Кыргыз совет адабияты»).