-
жый
-
этиш. 1. Бир жерге чогултуу, топтоштуруу, жыйнап алуу. Кызылча жайган талаадан Кыштакка чубап эл жүрдү (Маликов). Даңктуу келин, сен жыйдың Ак булуттай кебезди (Аалы). Кедейлер отун жыйды алда кайдан (Маликов). - 2. Үйдүн ичин иретке келтирүү, жууркан-төшөктү, идиш-аякты ж.б. жыйыштыруу, жыйнап коюу. Жүк жый. Идиш-аякты. жыйып кой.
- 3. Калыбына келтирүү, мурдагысындай болуу; күчөтүү, толуктоо. Эсин жыйды. Эс-учун жыйды. Күч жыйды. Кайратын жыйды.
¨ Оозун жыйып алгыча к. ооз. Аттын оозун жыюу — тизгинин тартуу, тизгинин тартып, басыгын жайлатуу. Тизгин жыюу — аттын оозун тартуу, аттын оозун тартып, жүрүшүн жайлатуу же токтотуу. Аттын тизгинин жыйбай чаап жүрүп отурушту (Бөкөнбаев). Ичин жыюу — ичи тартылып, сынына келүү, табына келе баштоо (ат, көбүнчө тапталган күлүктөр жөнүндө). Жыйган-терген — тапкан ар кандай оокат-тиричилик, мүлк, дүнүйө. Жыйган-терген бирин-эки оокат.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
жый