Меню
Эл-Сөздүк

жин

жин (малдын жини)

жин

жин (шайтан), жинге
жин оору
жин-пери
жин тийгендей
жин тийүү
жин-шайтан
жини кагылуу
жини кармоо
жини куруу
жинин кагуу

жин

1 зат. 1. Диний түшүнүк боюнча: шайтан, дөө сыяктуу кара күчтөр. Жинин чакырган бакшы.
2. Ачуу, каар, тескери мүнөз. Кожоюндун жинине тийбе, балаасына калба (Сасыкбаев). Чындап жини кармаса, Чыркыратып жанды алган («Эр Төштүк»).
¨ Жин тийүү — 1) акылынан адашуу, жарым эс болуп калуу. Жин тийгендей ыйлаган (Токтогул). Бир күнү келип тилдеди, Жин тийгендей жулунуп (Токтогул); 2) болор-болбос нерсеге ачуусу келүү, ачуулануу. Жин оору — мээсинен бузулган оору; жандуу оору.
ЖИН II зат. Кепшөөчү айбандардын кулгуп оозуна чыгаруучу сиңире элек тамагы. Чөгөрүлгөн төөлөр өйдө тургусу келбей, жинин бүркүп, оозун чоё ачуулуу боздошот (Айтматов). Чамынып нар чачты жин, Индус дагы жөнөдү (Аалы).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: