Меню
Эл-Сөздүк

жандуу

сын. 1. Жаны бар, тирүү. Булут, чоң энең айткандай тукумдап, узак жашоочу жандуу жаратылыш эмес (Сыдыкбеков). Даниярдын үстүндөгү зор кара ала кап жандуу немедей аны теңселтип жатты (Айтматов).
2. Кыймыл-аракеттүү, кызуу жүрүп жаткан, көңүлдүү. Жандуу кыймыл башталып, Жашарды тегиз жер бети (Осмонкул).
¨ Ачкыл жандуу — кымыз, бозо, максым, айран өңдүү ачкыл суусунду жакшы көргөн адам. Атасы Манас жашынан, Ачкыл жандуу болучу («Семетей»). Ачкыл жандуу киши экен («Эр Табылды»).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: