бүркөк I зат.. сүйл. Түндүк жабуу. Түндүгүнүн бүркөгүн Сыр найза менен ачты дейт («Саринжи—Бөкөй»). БҮРКӨК II сын. Булуттуу, тумандуу, булут каптаган, ачык эмес. Ай караңгы, күн бүркөк (Осмонкул).