Меню
Эл-Сөздүк

боз

боз (ыраң, түс)
боз ала (базала эмес)
боз ала кылуу (шагын
сындыруу)
боз бала
боз баш (жаш)
боз бейит
боз кийик
боз куурай
боз куш
боз кыроо
боз салкын
боз таркылдак
боз топурак
боз торгой
боз түшүү
боз улан
боз үй

боз-

боз- (кач)

боз

I сын. Буурул, агыш тарткан түс. Бир маалда боз чепкенин желбегей жамынып, кепичти жалаң кийип бирөө чыкты (Бөкөнбаев). Көгөргөн чөпсүз боз талаанын боз топурагы белден бурайт (Жантөшев).
Боз бала к. бала. Боз ала болуу —уялуу, ыза болуп калуу. Боз кыроо— 1) кеч күздө түшүүчү бубак. Боз кыроо жаңы түшкөн (Бектенов); 2) кеч күз. Боз кыроо ченде капысынан (талга) эчкинин тиши тийип, келеркиде өнөр-өнбөстүгүнө шек туудурган (Бейшеналиев). Боз түшүү — мунарыктаган туман түшүү. Чүйдүн талаасына боз түшүп турду (Бөкөнбаев). Алайдын тоолоруна да боз түшкөн (Жантөшев).
БОЗ II этиш. Качуу, жоголуу, безип кетүү. Айласын таппай бозуп кетүү. Азып-бозуп жүрүү.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: