Меню
Эл-Сөздүк

айрык

зат. 1. Кийимдин айрылып калган жери. Наташа чапандын айрыгын ыпыйта кармап тиге баштады (Жантөшев).
2. Бир нерсе тийип, теринин тилинип же тытылып кеткен жери. Ал турмак, колунда сынык тагы бар, Башынын айрык тагы бар («Эр Табылды»).
3. Кийимдин, чүпүрөктүн айрылып, бөлүнүп калган бир бөлүгү, айрындысы.
4. Суунун, жолдун, коктунун ж. б. бөлүнүп кеткен жери, бөлүнүп кеткен бир тармагы, салаасы. Ошол үч айрыктан кечип алып, тиги көрүнгөн белди ары эңкейсеңер, Кең-Суудагы элге жетерсиңер (Жантөшев). Орто жерде арылдап агып Нура суусунун бир айрыгы жатат (Жантөшев). [Төр].. улам өйдөлөгөн сайын бир нече айрыктарга бөлүнөт (Сыдыкбеков).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: