Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Эсептөө комиссиясы

ЭСЕПТӨӨ КОМИССИЯСЫ – акционердик коомдун жардамчы органы. Коомдордогу Э. к. акционерлердин – добуш берчү үчтөн көп акция ээлеринин катарынан түзүлөт. Сандык жана жеке курамын директорлор кеңешинин сунушу боюнча акционерлердин жалпы чогулушу бекитет. Ал акционерлердин жалпы чогулушунун кворумун аныктайт, акционерлердин (алардын өкүлдөрүнүн) жалпы чогулушунда добуш берүү укугунан келип чыккан маселелерди түшүндүрүп берет, добуш берүү тартибин түшүндүрөт жана камсыз кылат, добуштарды саноо менен, анын жыйынтыгы боюнча протокол толтурат, добуш берүү бюллетендерин архивге тапшырат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: