Menu
Эл-Сөздүк

Эркин экономикалык аймак (ээа)

ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК АЙМАК (ЭЭА) – КР мыйзамдары боюнча, чегинде чарбачылык жана ишкерчилик иш-аракеттер үчүн бажы, валюта, салык, виза мүнөзүндөгү кандайдыр бир жеңилдик шарттар белгиленген ошол мамлекеттин чегиндеги өзгөчөлөнүп турган аймак (эркин банк аймагы, оффшорлор, экономикалык жагымдуу аймак, эркин соода аймагы, техникалык парктар ж. б.). КРде ЭЭА. чет өлкө капиталын, технологиялар менен башкаруу тажырыйбасын тартууга, заманбап өндүрүштүк жана социалдык инфратүзүмдөрдү түзүүгө, ички базарды азык-түлүктөр, керектөө жана өндүрүш багытындагы товарлар менен толуктоого, калктын турмуш-тиричилик деңгээлин жогорулатууга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн уюштурулат. ЭЭАда тышкы экономикалык жана чарбачылык иштер тармагында жеңилдиктерди жана эмгек мамилелерин укуктук жактан жөнгө салууда тийешелүү алып салуулар менен толуктоолорду карай турган өзгөчө тартип орнотулат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: