Menu
Эл-Сөздүк

Эрезеге жетелектердин бош убактыларын чектөө жана жүрүм-турумдарына өзгөчө талаптарды коюу

ЭРЕЗЕГЕ ЖЕТЕЛЕКТЕРДИН БОШ УБАКТЫЛАРЫН ЧЕКТӨӨ ЖАНА ЖҮРҮМ-ТУРУМДАРЫНА ӨЗГӨЧӨ ТАЛАПТАРДЫ КОЮУ – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган тарбыяга салуу чарасы. Биринчи ирет анча оор эмес же жеңил кылмыш жасаган жашы жетелек өспүрүмгө белгилениши ыктамал. Эгер анын оңолушуна мажбурлап тарбыя берүү чараларын колдонуу менен эле жетишилиши мүмкүн экени таанылса, жашы жетелек өспүрүм кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулушу мүмкүн. Айрым түрлөрүн колдонууга, анын ичинде механикалык унаа каражаттарын башкарууга тыюу салууну, күндүн белгилүү мезгилинен кийин үйдөн сырткары жердерде жүрүүгө чек коюуну, жашы жетелектер комиссиясынын улуксаты жок башка жактарга чыгууга тыюу салууну алдынала кароосу мүмкүн. Жашы жетелектерге, ошондой эле жалпы билим берүү мекемесине кайрылып баруу, болбосо адистештирилген мамлекеттик органдын жардамы аркылуу жумушка орношуу талабы коюлушу мүмкүн.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: