Меню
Эл-Сөздүк

Элдик медицина

Элдик медицина – адамды ар түрдүү дарылар, дары өсүмдүктөр (көбүнчө чөптөр), минералдык заттар, айрым жаныбарлардын эти жана ички органдары ж.б. дарылык касиети бар заттар менен айыктыруу жөнүндөгү элде чогулган маалыматтар, эмпирикалык түшүнүктөр. Кыргыз Э. м-сында суу берүү, териге алуу, жылуу сууга салуу (арашан), ысыктоо, ушалатуу, кан алуу, сүлүк салуу, тамыр кармоо ж.б. ыкмалар колдонулуп келген. Кыргыздардын илгерки көчмөн турмушунда элдик хирургия болгондугу да белгилүү. Мис., сынган сөөктү сакайтуу, жөнөкөй операцияларды жасай билүү ж-а жөнөкөй хирургиялык аспаптардын биздин күндөргө чейин келип жетиши мунун далили. Бул маалыматтар азыркы мезгилге чейин оозеки түрүндө жетти (Манас энциклопедиясы, 2-т. 361-б.).

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: