Меню
Эл-Сөздүк

Эларалык уюмдун уставы

ЭЛАРАЛЫК УЮМДУН УСТАВЫ – эларалык уюм иш-аракетинин мүнөзү менен мазмунун, негизги милдети менен максатын аныктай турган эларалык көп тараптуу макулдашуу же дагы башка уюштуруу актысы. Адатта, ал анын башкы органын (жалпы жыйын, аткаруу органы, катчылык ж. б.), алардын арбиринин ыйгарым укуктарынын алкагын, ошондой эле анын түзүлүү тартибин жана алардагы уюм мүчөлөрүнүн өкүлчүлүгүн аныктайт. Э. у. у. уюм мүчөлөрүнүн кызматташуусунун негизги принциптеринин жана анын алдында турган милдеттерди чечүү ыкмаларын аныктайт. Эреже катары, чечимдерди иштеп чыгуу жана аны кабыл алуу жолжоболорун дагы көрсөтөт. Мындан сырткары, бул документтерде уюмдун мүчөлүгүнө кабыл алуу жана мүчө катарынан чыгуу же чыгаруу тартиби да аныкталат, кээде уюм мүчөлөрүнүн ортосундагы талаш-тартыштарды, анын ичинде уюштуруу актысын чечмелөөдөн улам келип чыккан талаштарды да чечүү тартиби белгиленет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: