Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Эларалык кызмат адамы

ЭЛАРАЛЫК КЫЗМАТ АДАМЫ – адатта кайсы бир мамлекеттин эларалык уюмдун катчылыгынын кызматында турган жараны, алардын катчылыгынын персоналынын мүчөсү. Э. к. а. өз өлкөсүнүн кызыкчылыгына өкүл боло албайт. БУУнун Уставынын 100-статьясына ылайык Башкы катчы жана башка Э. к. а. өздөрүнүн кызмат милдеттерин пайдаланууда «Уюмдан тышкаркы эч бир өкмөттөн жана бийликтен көрсөтмө албоого жана сурабоого тийиш. Алар Уюмдун алдында гана жоопкерчиликтүү, эларалык кызмат адамы катары өздөрүнүн абалына кедерги келтирүүчү баардык аракеттерден оолак болуулары тийиш».

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: