Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Эларалык деңиз укугу

ЭЛАРАЛЫК ДЕҢИЗ УКУГУ – мамлекеттердин, эларалык уюмдардын деңиздерди, океандарды жана алардын байлыктарын, айрым учурларда – деңиз аймактарынын үстүндөгү аба мейкиндиктерин (м.: кысыктарды, ачык деңизди ж. б.) пайдаланууга байланыштуу ишмердиктеринен келип чыккан өзара мамилелерин жөнгө салуучу укуктук принциптердин жана ченемдердин жыйындысы. Эларалык укуктун маанилүү тармактарынын бири. Ачык деңизде кемелердин эркин жүрүүсү жана алардын үстүндө эркин учуу, аймактык деңиздер аркылуу чет элдик кемелердин тынч өтүү укугу, эларалык кысыктар аркылуу кемелердин транзиттик өтүүгө жана алардын үстүнөн учуучу аппараттардын учуп өтүүгө укуктары Э. д. у-нун өзгөчө ченемдери жана принциптери болуп саналат. Э. д. у-нун башкы булагы – БУУнун 1982-жылы кабыл алынып, 1994-жылы октябрда күчүнө кирген деңиз укуктары боюнча конвенциясы.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: