Menü
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Ырайым кылуу укугу

ЫРАЙЫМ КЫЛУУ УКУГУ – дүйнөнүн дээрлик баардык өлкөлөрүндө мамлекет башчыларынын негизги конституциялык ыйгарым укуктарынын бири. Ырайым кылуу ишараты соттолуучуну жаза тартуудан толук же жарым-жартылай бошотууда же сот тарабынан белгиленген жазаны бир кыйла жумшагыраагы менен алмаштырууда турат. Ырайым кылуу жөнүндөгү өтүнүч эреже катары, соттолуучулардын жеке өздөрүнүн өтүнүчтөрү боюнча өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин каралат. КРде КР Президенти тарабынан гана жекече белгилүү адамга карата ырайым берүү ишке ашырылат. Ырайым берүү актысы КР Президентинин жарлыгы менен, өтүнүч түшкөн соттолуучуга даректелүү менен кабыл алынат. Ырайым берүүдөн баш тартылган учурда КР Президенти ырасмий чечим чыгарат. КР Президенти ырайым берүү актысы менен: 1) соттолгонду жазанын өтөлө элек бөлүгүнөн бошото алат; 2) жазанын өтөлө элек мөөнөтүнүн белгилүү бөлүгүн кыскарта алат; 3) белгиленген жазаны же анын өтөлө элек бөлүгүн бир кыйла жумшагыраак түрүнө алмаштыра алат; 4) ал аткарыла элек шарттарда кошумча жазадан куткара алат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: