Меню
Эл-Сөздүк

Улуттук жаратылыш парктары

УЛУТТУК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКТАРЫ – өзгөчө экологиялык, тарыхый-маданий жана эстетикалык нарктуулукка ээ, жаратылышты коргоо, рекреациялык, агартуучулук, илимий максаттарда пайдаланууга багышталган жана жаратылышты коргоо жана рекреациялык мекемелер болуп саналган жаратылыш комплекстери. КР мыйзамдарына ылайык мамлекеттик улуттук жаратылыш парктарына төмөнкү негизги милдеттер жүктөлгөн: а) жаратылыштын эталондук жана уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана объекттерин сактоо; б) маданий жана жаратылыш мурастарын (археологиялык, тарыхый, этнографиялык жана башка объекттерди, ошондой эле өзгөчө ажайып ландшафтарды) сактоо; экологиялык агартуу жана жаратылыш койнунда калктын эсалуусун уюштуруу.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: