Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Товарлардын транзити

ТОВАРЛАРДЫН ТРАНЗИТИ – бажы режими, ага ылайык товарлар бажы көзөмөлү алдында КРдин эки бажы органынын ортосунда, а. и. чет мамлекеттин аймагы аркылуу да, бажы алымдарын, салыктарын алуусуз, ошондой эле товарларга карата экономикалык саясат чараларын колдонуусуз өткөрүлөт. Транзиттик товарлар табигый эскирүүсүн жана талаптагыдай ташуу жана сактоо шарттарында кемүүсүн эске албаганда эч өзгөрүүсүз калууга, транзиттен сырткары башка максаттарда колдонулбоого тийиш; белгиленген маршруттагы унаа каражатынын мүмкүнчүлүгүнө жана ташып жеткирүүнүн башка шарттарына жараша, бирок 1 айда 2 миң чакырымдык эсепте аныкталган акыркы мөөнөттөн ашпастан, жөнөтүүчү бажы органы тарабынан белгиленген мөөнөттө жеткирилет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: