Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Сот тапшырмасы

СОТ ТАПШЫРМАСЫ – ишти карап жаткан соттун башка сотко карата тапшырмасы. Башка шаардан же райондон далилдерди чогултуу зарылчылыгынан улам, ишти карап жаткан сот башка бир тийешелүү сотко белгилүү бир процесстик аракетти жасоону тапшырат. Сот тапшырмасы жөнүндөгү аныктамада каралып жаткан иштин мазмуну кыскача баяндалат, аныктала турган жагдайлар жана тапшырманы аткаруучу сот тарабынан жыйнала турган далилдер көрсөтүлөт. Бул аныктама дарегине жөнөтүлгөн сот үчүн милдеттүү болот, жана да 1 айга чейинки мөөнөт ичинде аткарылууга тийиш.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: