Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Соттун чакыруу кагазы

СОТТУН ЧАКЫРУУ КАГАЗЫ – сотко чакыруу жөнүндө ырасмий кабарлоо. С. ч. к-нда төмөндөгүлөр көрсөтүлөт: ким, ким катары, каякка, кимге жана кайсы убакытка чакырылгандыгы, ошондой эле чакырууга келбей койсо эмне болору (м.: күбө адам мажбурланып алынып келиши мүмкүн, ал эми айыпталуучуга – чектөө чарасы өзгөртүлүп, катуурагына алмаштырылышы ыктымал). С. ч. к. менен сотко күбөлөр, эксперттер, адистер жана котормочулар да чакырылат. С. ч. к. менен жарандарды тергөөчүгө (адепки тергөө жүргүзүүчүгө) чакыруу дагы жол-жоболоштурулат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: