Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Соттун төрагасы

СОТТУН ТӨРАГАСЫ – КРде тийиштүү сот органын (райондук, шаардык сот ж. б.) жетектөөчү судья. С. т. өзү жетектеген соттун деңгээлине жараша мыйзам тарабынан белгиленген ыйгарым укуктарга ээ болот. Ошону менен бирге С. т. судьяларга иштерди, материалдарды, арыздарды кароо үчүн бөлүштүрөт; соттун жарандарды кабыл алуу, алардын сунуштарын, арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча иштерди уюштурат; соттун аппаратынын ишине жетекчилик кылат; сот статистикасын жүргүзүүнү жетектейт; сот аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана бошотот; соттун кызматкерлеринин кесиптик даярдыктарын арттыруу боюнча иштерди уюштурат; КР мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: