Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Соттун токтому

СОТТУН ТОКТОМУ – КРде сот актыларынын бир түрү. Кылмыш-жаза процессинде – өкүмдөн сырткары, ишти кароодо сот жекече кабыл алуучу чечим. Жарандык процессте сот отурумдарында чыгарылуучу сот актылары С. т. деп аталат. Мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын кайра караганда өкүмдү, чечимди, аныктаманы жокко чыгаруу, өзгөртүү же өзгөртүүсүз калтыруу жөнүндө С. т. чыгарылат. Сот актыларынын ичинен КР Жогорку сотунун пленумдарынын токтомдору өзгөчө орунду ээлейт, анткени аларда мыйзамдарды колдонуу маселелери боюнча жетектөөчү түшүндүрмөлөр камтылат. Мындай токтомдор жалпы юрисдикциядагы баардык соттор үчүн милдеттүү. Конституциялык сот өндүрүшүндө КР Конституциялык сотунун жыйынтык чечими да токтом деп аталат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: