Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Соттун президиуму

СОТТУН ПРЕЗИДИУМУ – процесстик мыйзамдарда каралган тартипке ылайык облустук жана аларга теңдештирилген соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын көзөмөлгө алуу тартибинде кайра кароо компетенциясына кирген сот тутумундагы сот баскычы; процесстик мыйзамдарда каралган учурларда алардын кабыл алган сот актыларын жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо. КРде С. п. курамына КР Жогорку сотунун төрагасы, сот коллегияларынын төрагалары жана КР Жогорку сотунун 5 судьясы кирип, КР Жогорку сотунун деңгээлинде гана иштейт. С. п-нун курамына кирген судьялар КР Жогорку сотунун пленумуна 2 жылга шайланышат. С. п-нун жыйыны иш келип түшкөн күндөн кийин 3 айдан кечиктирилбестен өткөрүлөт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: