Меню
Эл-Сөздүк

Соттук териштирүүнүн тикелей жүргүзүлүшү

СОТТУК ТЕРИШТИРҮҮНҮН ТИКЕЛЕЙ ЖҮРГҮЗҮЛҮШҮ – сот өндүрүшүнүн демократиялык принциптеринин бири. Мунун маңызы биринчи баскычтагы соттун иш боюнча далилдерди: күбөлөрдүн, соттолуучунун көрсөтмөлөрүн, ишке катышкан адамдардын түшүнүктөрүн, эксперттин корутундуларын өзү тикелей угуусунда, жазуу жүзүндөгү далилдер менен өзү тикелей таанышуусунда, буюмдай далилдерди өзү тикелей карап чыгуусунда турат. Зарыл болгон учурда сот кароону жеринде жүргүзөт. Эреже катары, иш боюнча маанилүү жагдайлар тууралуу маалыматтарды ал биринчи булактардан алуусу тийиш. Сот өкүмүн соттун жыйындарында каралган далилдер менен гана негиздейт. С. т. т. ж. бир катар эрежелердин сакталышын талаптайт: биринчи баскычтагы соттун жыйынында териштирүү сөзсүз түрдө жалпы эреже боюнча соттолуучунун милдеттүү түрдө катышуусу менен жүрүүсүн; С. т. т. ж. далилдерди иликтөөнүн оозеки түрүн шарттайт, ошондой эле соттун курамынын өзгөрбөстүгүн жана соттук териштирүүнүн үзгүлтүксүздүгүн талап кылат. С. т. т. ж. соттордун иш боюнча алдынала иликтөө жана алгачкы тергөө органдарынын далилдерге берген бааларынан жана жыйынтыктарынан көзкарандысыздыгын (өкүм чыгарууда) кепилдейт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: