Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Соттук прецедент

СОТТУК ПРЕЦЕДЕНТ (лат. praecedentis –алдыда болгон) – ошондой иштерди териштирип кароодо ошол же төмөнкү баскычтагы баардык соттор үчүн милдеттүү эреже болуп калуучу соттун конкреттүү иш боюнча чыгарган чечими. С. п. Рим юстициясында эле маанилүү ролго ээ болгон. Азыркы учурда бир катар өлкөлөрдө (Улуу Британияда, АКШнын көпчүлүк штаттарында, Канадада, Австралияда) укуктун булагы болуп саналат жана баардык укук тутумунун негизинде жатат. Алардагы үстөмдүк кылган негизги доктринага ылайык С. п. ченем түзбөйт, жөн гана адам табиятындагы жалпы башаттардан келип чыгуучу укуктарды калыптандырат. Көптөгөн башка мамлекеттерде С. п. укукту колдонуу, мыйзамдагы боштуктарды толтуруу, каада-салттарды таануу маселелери үчүн маанилүү; прецеденттин негизинде колдонуудагы мыйзамга айрым толуктоолор киргизилет, мыйзамга чечмелөө берилет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: