Меню
Эл-Сөздүк

Салык боюнча кеп-кеңеш берүү

САЛЫК БОЮНЧА КЕП-КЕҢЕШ БЕРҮҮ – КР салык мыйзамдарына ылайык, салыктарды төгүүдө жана чегерүүдө жарандар менен юридикалык жактарга көзкарандысыз салык кеп-кеңешчилеринин адистик жардам көрсөтүүсү. Салык кеп-кеңеши өзүнө төмөндөгүлөрдү камтыйт: а) кардарларына (ишеним берген жактарга) салык маселелери боюнча өзүнө берилген тапшырманын чегинде кеп-кеңеш берүү, бухгалтердик эсеп менен отчеттуулукту жүргүзүүгө жардам көрсөтүү, салык салуу максаты үчүн документтерди түзүү; б) өз кардарларынын (ишеним берген жактарынын) атынан жана алардын тапшырмасы боюнча ашыкча төлөнгөн салыктарды кайтарып берүү; КР Салык кызматынын кызмат адамдары тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу, талаптарын коюу; в) өз кардарларынын (ишеним берген жактарынын) атынан жана алардын тапшырмасы менен салык салуу маселелери боюнча сотто, салык полициясында, салык инспекциясында ж. б. укук коргоо органдарында өкүлчүлүк кылуу; г) салык салуу талаш-тартыштары боюнча көзкарандысыз эксперт катары сот, укук коргоо ж. б. органдардын ишине катышуу; д) туура эмес кеп-кеңеш бергендиги, адистик адеп-актык каада менен КР мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жооп-керчилик.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: