Меню
Эл-Сөздүк

Потенциалдуу кредиттик жана лизингдик жоготуулардын ордун жабууга каралган кам

Эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык, өзүндө кредиттик тобокелдиктерди камтыган баланстан тышкаркы милдеттенмелерди кошо алганда, финансы активинин нарксызданышынан улам келип чыгуучу чыгымдардын ордун жабуу үчүн ФКМдердин чыгашаларынын эсебинен түзүлгөн резервдерге чегерүүлөрдүн суммасы.

Потенциалдуу кредиттик жана лизингдик жоготуулардын ордун жабууга каралган кам

Иши Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынган финансы-кредит мекемелери тарабынан өзүндө кредиттик тобокелдикти, баланстан тышкаркы милдеттенмелерди аткаруу тобокелдигин камтыган активдер боюнча келип чыгышы ыктымал болгон жоготуулардын ордун жабуу максатында, чыгашалардын эсебинен түзүлгөн кам. РППУ активдерге карата контрэсеп болуп саналат, РППУга чегерүүлөр өлчөмү активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелердин абалына жана сапатына жараша белгиленет

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: