Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Пенитенциардык тутум

ПЕНИТЕНЦИАРДЫК ТУТУМ (лат. poenitentiarius – түзөтүүчү) – камактагыларды жазалоого жана түзөтүүгө багытталган абак чаралары; төмөнкүдөй П. т-дар белгилүү: а) пенсильвандык же филадельфиялык – жалгыз камоо, унчукпоо, сый катары жумуш берүү, диний таасир этүү; б) унчукпоо (Обэрндик) түзөтүүнүн ошол эле каражаттары, бирок милдеттүү иштетүү; в) жиктештирилген – алдынкы экөөнүн кошундусу: биринчиси кыска мөөнөткө камалгандар үчүн, экинчиси узак мөөнөткө камалгандар үчүн; г) прогрессивдүү – белгилүү сандагы жумуштардын жиктештирилген өндүрүштүк талаптары жана онолгондорго шарттуу эсалуу берүү; жана д) мөөнөтү боюнча аныкталбаган камактагылар – жалгыз камоо, адегенде шарттуу, андан кийин онолгондорду толук бошотуу.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: