Меню
Эл-Сөздүк

Операциялык тобокелдик

Тышкы жагдайлардан улам, персоналдын жаңылыштыгынан, алдамчылыкка баруудан, ошондой эле процесстердин, жол-жоболордун же контролдук системасынын шайкеш эместигинин же бузулушунун натыйжасында операциялардагы үзгүлтүктөрдүн кесепетинен келип чыккан тике же кыйыр чыгымдар тобокелдиги.

Операциялык тобокелдик

Аппараттык программалык комплекстин иш жөндөмдүүлүгүн бузуудан улам, төлөм системасынын субъект персоналынын талапка ылайык иш алып барбашынан, ошондой эле аны ишке ашурууда аппараттык-программалык комплексте жана коммуникациялык байланыш каналдарында техникалык үзгүлтүктөрдөн улам, төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыроону шарттаган тышкы факторлордун таасиринен, техникалык инфраструктуранын бузулушунан, төлөм системасынын эрежелеринин, маалыматты коргоо талаптарынын бузууга жол берилишинен же болбосо бүтүндөй системанын иштөөгө жөндөмсүздүгүнөн улам келип чыккан тобокелдик.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: