Меню
Эл-Сөздүк

Муниципалдык (жергиликтүү) баалуу кагаздар

МУНИЦИПАЛДЫК (ЖЕРГИЛИКТҮҮ) БААЛУУ КАГАЗДАР – жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган эмиссиялык баалуу кагаздар. М. б. к. анын ээси эмитенттен баалуу кагазда көрсөтүлгөн акча каражатын ала турган укугун күбөлөндүрүүчү облигация түрүндө же баалуу кагаздын эмиссиясынын шарттарында каралган шарттуу баасына карата пайызы белгиленүүчү же эмиссиянын шарттарында каралган мөөнөттөгү мүлктүк укуктар таризинде чыгарылышы мүмкүн. М. б. к. жергиликтүү бийлик органдарынын карыздык милдеттенмеси болуп саналат жана ал ал чөлкөмдү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоо үчүн юридикалык жана жеке жактардын башы бош акча каражатын тартуу максатында чыгарылат. М. б. к. документардык же документарсыз таризде чыгарылат. Жергиликтүү бийлик органдары тарабынан чыгарылган баалуу кагаздар дайын-даректүү болушу мүмкүн.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: