Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Материалдык укук

МАТЕРИАЛДЫК УКУК – укук ченемдерин билдирүүчү юридикалык түшүнүк, анын жардамы аркылуу мамлекет коомдук мамилелерге таасир этүү менен, түз же түздөнтүз жөнгө салат. М. у. ченемдери менчик таризин бекемдейт, мамлекеттик бийликтин түзүлүү тартиби менен түзүмдөрүн аныктайт, жарандардын укук статустарын орнотот, укук бузуу үчүн жоопкерчилик негиздери менен анын чегин аныктайт ж. б. Ошентип, мүлк, эмгек, үйбүлө жана башка мамилелер М. у-тун объектиси болуп саналат. Бул мамилелердин иш жүзүндөгү (материалдык) мазмуну объективдүү негиз болуу менен, М. у-тун ченемдери анын катышуучуларынын өзара укуктары менен милдеттерин аныктайт. Процесстик укук М. у-тун карама-каршысы болуп эсептелет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: