Меню
Эл-Сөздүк

МАМЫТБЕКОВ

МАМЫТБЕКОВ Зайыр Чакиевич (1923, Жети-Өгүз району, Желе-Дөбө айылы —1986, Фрунзе) — адабиятчы, «Манас» изилдөөчү, котормочу. Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөн (1952). Филология илимдеринин кандидаты (1963). М-дун илимий ишмердигинин негизги тармагы «Манас» эпосун изилдөө болуп эсептелет. «"Манас" эпосун изилдөөнүн кээ бир маселелери» аттуу эмгегинде 16-кылымдын башында жазылган «Мажму ат-таварихти» иликтеп, аны кыргыздардын турмуш-тиричилигин изилдөөдө маанилүү тарыхый-этнографиялык булак катары караган. Ч. Валиханов, В. В. Радлов, сүрөтчү Б. В. Смирнов, этнограф Г. Алмаши жазып алган тексттердин өзгөчөлүктөрүн азыркы варианттар менен салыштырып изилдеген. М. «Манас» эпосунда кыргыздардын турмушу менен күрөшүнүн чагылдырылышы» (Бишкек, 1993) деген (өлгөндөн кийин жарык көргөн) монографиянын да автору.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: