Меню
Эл-Сөздүк

Ликвиддүүлүктү колдоо үчүн кредит

Банк тутумунун бүтүндүгүн коргоо жана анын туруктуулугун камсыз кылуу, система тобокелдигин алдын алуу, банктын ликвиддүүлүгүн колдоо жана аманатчылардын таламдарын коргоо максатында коммерциялык банкка сунушталган кредит. Кредит улуттук валютада, төмөнкүдөй жалпы кредиттөө принциптерин сактоо менен сунушталат: мөөнөттүүлүк, төлөөгө жөндөмдүүлүк, кайтарымдуулук жана күрөөлүк камсыздоо алдында. Коммерциялык банк кредитти кызмат адамдарына депозиттерди (аманаттарды) төлөөгө, ошондой эле коммерциялык банктын кызматкерлерине сый акылардын/бонустардын бардык түрлөрүн кошо алганда, администрациялык чыгашаларды төлөө үчүн пайдаланууга укугу жок. Кредитти сунуштоо, анын шарттары жана көлөмү жөнүндө чечим Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: