Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

ЛАЙЛАМА

ЛАЙЛАМА (моңголчо даа лам, далай лама — улуу лама, башкы лама) — ламаизм дининдеги моңгол-калмак элдеринин эң башкы ламасы (молдосу). «Манас» эпосунун варианттарында да калмак-кытайлардын дининин улуу, жогорку ламасы катары айтылат. Мисалы, Алмамбетке карата атасы Соорондук төмөнкүчө кайрылат: «Не болдум деп эрмегим, Эскирип кеткен чагымда Лайлама бергеним» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 580-инв., 57-б.). Ламаизм дининдеги элдер (моңгол, калмак) башкы (улуу) ламаны кудай катары эсептешет. Алмамбет башка элге кеткени жатканда «Кудай бергеним» деген мааниде атасы кетпегин деп жалынып айтат. Калмактардын Текес каны Манастын келе жатканын угуп «Лаайлама колдой көр, Кыйыныраак болгон бейм Кыргыздардын Манасы» (Сагымбай Орозбаков, 2. 35),— деп «кудай колдой көр» деген мааниде айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында «Ыламасын баңкү дээр, улуу-кичүү калың эл» (Сагымбай Орозбаков, 6. 320) деген түшүнүктөгү ыр саптары бар. Мында ламаизмдин ишеними боюнча ламасына (далай ламага) «мөңх» (кырг. маңкү-мөңгү) деген эпитет туруктуу колдонулат. Себеби, аны түбөлүктүү, өлбөс катары эсептешет. Саякбай Каралаевдин варианты нда «Манжунун каны Ылама» (Саякбай Каралаев, 2. 147),— деп каармандын ысымы катары айтылат.
Э. Абдылдаев


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: