Menu
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Күбөлүк

КҮБӨЛҮК – мамлекеттик органдарда жана уюмдарда даярдалган, берилген же көрсөтүүгө жаткан укукту жана/же жеке адамдын кертбашын күбөлөндүрүүчү (айдоочунун күбөлүгү, инсандын К., аскер кызматчысынын К., белгилүү бир жеңилдиктерге укуктук К. ж. б.) документ.

Күбөлүк

КҮБӨЛҮК – юридикалык мааниге ээ болгон кандайдыр бир фактыны (туулгандыгы жөнүндө, никеси жөнүндө), болбосо жактын укугун (окуу жайын бүткөргөндүгү тууралуу, автордугун) ырасмий ырастай турган документ.

күбөлүк

күбөлүк, күбөлүгү, күбө лүккө
күбөлүк кат

күбөлүк

зат. Адамдын туулгандыгы, никеси, айрым учурда билими ж. б. иштери жөнүндө күбөлөндүрө турган официалдуу документ. Нике жөнүндө күбөлүк. Авторлук жөнүндө күбөлүк. Күбөлүк кат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: