-
Куран
-
КУРАН (араб. кур’ан, сөзмөсөз – окуу) – мусулмандардын эң башкы ыйык китеби, Мекке жана Медина шаарларында Мукамбет пайгамбар тарабынан айтылган нуска кептер, каада-салт жана укук аныктамалары, сыйынуулар, накыл кептер, аркыл баяндардын топтому. Азыркыга чейин сакталып калган анын алгачкы сүрөөлөрү VII–VIII кылымдарга таандык. Азыркы учурда кээбир өлкөлөрдө (м.: Сауд Аравияда) К. ырасмий түрдө мамлекеттин баш мыйзамы болуп саналат. Ислам фундаментализмин туу туткан бир катар мусулман өлкөлөрүндө (м.: Иран, Судан, Ооганстанда ж. б.) К. мыйзам күчүнө ээ болгон өтө маанилүү ченемдик укук актысы катары каралат.
-
куран
-
I зат. 1. Мусулман дининин догмалары жана эрежелери жазылган китеп. - 2. Өлгөн адамга багыштап окулуучу арабча диндик текст.
¨ Куран түшүрүү — өлгөн адамдын арбагына багыштап куранды бүт окуп чыгуу. Куран урсун — актыгын, күнөөсүздүгүн билгизүү үчүн карганганда айтылуучу сөз. Куран кармоо — куран кармап ант берүү, каргануу.
КУРАН II зат. Эликтин эркеги.
¨ Жалган куран — элдик календарь боюнча март айы. Чын куран — элдик календарь боюнча апрель айы.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Такое же слова на других языках:
Похожие слова на других языках:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Куран