Menü
Эл-Сөздүк

Кошумча жоопкерчилиги бар коом

КОШУМЧА ЖООПКЕРЧИЛИГИ БАР КООМ – коомдун бир же бирнече мүчөсү тарабынын уюштурулган, уставдык капиталы уюмдаштыруучу документтеринде аныкталгандай көлөмдөгү үлүштөргө бөлүнгөн коом. Мындай коомдун катышуучулары анын милдеттенмелери боюнча коомдун уюштуруучу документтеринде аныкталгандай өздөрүнүн мүлктөрү менен кошкон үлүштөрүнүн баасына карата баардыгы үчүн бирдей өлчөмдө тилектеш субсидиардык жоопкерчилик тартышат. Катышуучуларынын бири кудуретсиз болуп калган шарттарда, коомдун милдеттенмелери боюнча анын жоопкерчилдиги, эгер коомдун уюмдаштыруучу документтеринде бөлүштүрүүнүн башка тартиби каралбаган болсо, калган катышуучулардын арасында кошкон үлүштөрүнө жараша түз катышта бөлүштүрүлөт. Коомдун фирмалык аталышы кошумча жоопкерчилик менен кошо коомдун аталышын, ошондой эле «кошумча жоопкерчиликтүү» деген сөздү өзүнө камтуусу тийиш. К. ж. б. к-го жарандык мыйзамдарда жоопкерчилиги чектелген коом жөнүндөгү эрежелери колдонулат. Юридикалык жактын уюмдаштырылган укуктук тариздеринин бири.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: