Меню
Эл-Сөздүк

Коопсуздук чаралары

КООПСУЗДУК ЧАРАЛАРЫ – көптөгөн чет өлкөлөрдүн (АКШ, Англия, Германия ж. б.) кылмыш-жаза укуктарындагы жаза менен бир катардагы жаза-укуктук таасир этүү чараларынын бири. К. ч-н колдонууну кылмыш-жаза укугунун социологиялык мектеби сунуштаган. Жазадан айырмалуу К. ч. кылыгы үчүн жазалоо же коркутуу максаттарын көздөбөйт, ал эми кылмыш жасаган же болбосо коомдук коркунучтуу жосун жасоочу кишинин «коркунучтуу абалын» алып салууга багытталат. Ошондуктан алдынала камакка алуу негизги К. ч-нын бири болуп саналат. К. ч-н көздөгөн алдын алуу максаттарына жеке адамды бейтарапташтыруу, болбосо ресоциализациялоо менен жетишилет. Адатта К. ч-н колдонуу так мөөнөттү аныктоо менен чектелбейт, бул жеке адамдын «коркунучтуу абалынын» өнүгүшүнө жараша аракет кылууга мүмкүндүк берет. КР кылмыш-жаза укугунда К. ч. институту каралган эмес.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: