Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Коомдук жумуштар

КООМДУК ЖУМУШТАР – соттолгон адам негизги ишинен же окуусунан бош убактарында коомдун пайдасы үчүн аткаруучу, түрү өкүмдүн аткарылышын көзөмөлдөөчү орган тарабынан аныкталуучу акысыз эмгек кылуудан көрүнгөн, жазалоо түрлөрүнүн бири. К. ж. 40тан 240 саатка чейинки убакытка белгиленет. Соттолуучу негизги ишинен жана окуусунан бош убактысында, күнүнө төрт сааттан көп эмес, ал эми иштебегендер – күнүнө 8 сааттан көп эмес убакыт бекер иштөө менен өтөшөт. Соттолгондор иштеген убакыт жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жагдай катары эсепке алынат. К. ж.: аскер кызматкерлерине; 55 жаштан жогорку аялдарга, 60 жаштан жогорку эркектерге; кош бойлуу аялдарга; бала багуу боюнча эс алуудагы аялдарга; I жана II топтогу майыптарга; жашы жетелектерге белгиленүүсү мүмкүн эмес.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: