Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Коомдук айыптоочу

КООМДУК АЙЫПТООЧУ – кээбир өлкөлөрдө, мисалы, РФ коомдук уюмду же эмгек жамаатын билдирүүчү кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн өзалдынча катышуучусу. Соттук тергөөгө катышууга соттун аныктамасы менен улуксат берилиши мүмкүн. К. к. далилдерди келтирүүгө, далилдерди иликтөөгө катышууга, сот алдында сунуштарды жана четке кагууларды билдирүүгө, сот алдында айыптоонун далилдүүлүгү, соттолуучунун жана анын кылган жосунунун коомдук коркунучтуулугу тууралуу өз пикирин билдирип сот алдында жарыш сөздөргө катышууга укуктуу. Кылмыш-жаза мыйзамдарын колдонуу, соттолуучуга жазык чараларын көрүү жана иштин башка маселелери боюнча пикирин билдире алат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: