Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Консулдук корпус

КОНСУЛДУК КОРПУС – барган мамлекеттин белгилүү пунктунда (порт, шаар) турган баардык консулдук мекемелердин оперативдүү кызматкерлери. К. к-тун башында даражасы жана консулдук улуксатты алган убактысы боюнча старшина (дуайен ) турат. Ал негизинен аземдүү функцияларга ээ. К. к. барган мамлекетинде кандайдыр бир биргелешкен саясий аракеттер үчүн пайдаланылбоого тийиш. Бул орундуу болгон К. к-ка штаттагы эмес (ардактуу) консул жана элчиликтердин консулдук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери киришет. Кеңири мааниде К. к. эскерилген консулдук кызматкерлердин тийиштүү артыкчылыктар жана колтийгистик жайылтылган алардын үйбүлө мүчөлөрү кирет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: