Меню
Эл-Сөздүк

Консулдук конвенциялар

КОНСУЛДУК КОНВЕНЦИЯЛАР – мамлекеттердин ортосунда түзүлүүчү, консулдук укуктун ченемдери бар макулдашуу; консулдук өкүлчүлүктөрдү уюштуруунун, консулдуктардын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин артыкчылыктарын жана иммунитетин, укуктарын, ишмердиктеринин чөйрөсүн, аларды дайындоонун жана чакырып алуунун тартибин аныктайт. Негизинен К. к-дын түзүлүшү жана мазмуну окшош болот. Консулдук мамилелер тууралуу Вена конвенциясы 1963-жылы БУУнун алкагында иштелип чыккан жана 1967-жылы 19-мартта күчүнө кирген.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: