Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Конкурстук өндүрүш

КОНКУРСТУК ӨНДҮРҮШ – айрым өлкөлөрдө сот тарабынан кудуретсиз деп табылган карызкорго карата кредиторлордун талаптарын өлчөмүнө жараша канааттандыруу максатында колдонулуучу кудуретсиздик жолжобосу. Карызкорду кудуретсиз деп таануу жана К. ө. ачуу менен сот конкурстук башкаруучуну дайындайт, ага карызкордун иштерин башкаруунун баардык ыйгарым укуктары, анын ичинде, карызкордун мүлкүн тескөө укугу да өтөт. Конкурстук башкаруучу конкурстук массаны жыйнайт. Ушул максатта ал карызкордун алдында карызы бар үчүнчү жактарга талап коёт, үчүнчү жактардагы карызкордун мүлкүн издеп таап, аныктап жана кайтарууга багытталган жана башка зарыл чараларды көрөт. Конкурстук башкаруучу кредиторлордун талаптарын карайт. Кредиторлор менен башкаруучунун ортосундагы талаптардын көлөмү жана аларды канааттандыруунун кезеги жаатындагы пикир келишпестиктер сотто каралат. Карызкордун мүлктөрүн саткандан кийин конкурстук башкаруучу кредиторлор менен кезек боюнча эсептешүүлөрдү жүргүзөт. Эсептешүүлөр аяктаган соң конкурстук башкаруучу К. ө-тү өткөрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө сотко отчет берет.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: