Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Конкурстук иммунитет

КОНКУРСТУК ИММУНИТЕТ – кээбир өлкөлөрдүн кудуретсиздик жөнүндөгү мыйзамдарындагы карызкорду кудуретсиз деп жарыялагандан жана конкурстук өндүрүш ачылгандан тартып кредиторлордун эч кимиси кудуретсиздикке байланыштуу өндүрүштүн алкагындагыдан башка талаптарды ишке ашыра албасын, ал эми конкурстук кредиторлор өздөрүнүн талаптарын конкурстук өндүрүш үчүн белгиленген эрежелер боюнча гана ишке ашырышарын жана айрым кредиторлордун пайдасы үчүн карызкордун мүлкүн эч кандай кармоолор жана өндүрүп алууларга жол берилбесин билдирген түшүнүк. К. и. конкурстук кредиторлорго карата (буга карызкордун камсыз кылынган талап кылуу укугу бар кредиторлору кирбейт) жана конкурстук өндүрүштүн жүрүшүндө гана колдонулат. Анын бүтүшү менен жетиштүү эмес канааттануу алышкан же аны такыр алышпаган кредиторлор өз талаптарын өзалдыларынча жөнөкөй доо иретинде коё алышат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: