-
Конвенциондук артыкчылык
-
КОНВЕНЦИОНДУК АРТЫКЧЫЛЫК – патенттик укуктун (аны сактоонун шарты болуп саналган) жаңылыгы аныкталган күн. Өнөржайлык менчикти коргоо боюнча 1883-жылдын 20-мартындагы Париж конвенциясынын 4-статьясында баардык катышуучу өлкөлөрдө ал өлкөлөрдүн биринин патентине адепки арыз берүү күнүнө жеңилдетилген эрежелер каралган. Париж конвенциясы боюнча К. а. ойлоп табуулар үчүн – 12 ай, пайдалуу үлгүлөр жана товардык белгилер үчүн – 6 ай жарактуу болот. К. а. берүүнүн милдеттүү шарты – ал адеп берилген өлкөнүн ички мыйзамдарына ылайык улуттук арызды туура толтуруу.
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Конвенциондук артыкчылык